Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

Кыргызстандын Коргоо министрлиги АКШдан жардам алды


АКШ Кыргызстандын Коргоо министрлигине 1,5 млн доллардан ашуун суммадагы автоунаа жана атайы техниканы жардам катары жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мурда макулдашылган эки тараптуу келишимдин негизинде Коргоо министрлиги 45 "Форд Рейнжер" унаасына жана 45 квадроциклге ээ болду. Аны бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллер коргоо министри Абибилла Кудайбердиевге тапшырды.

АКШ 2000-жылдан тарта ушул кезге дейре республиканын аскердик мекемесине аскер-техникалык кызматташуу алкагында 35 млн. доллар суммасында көмөк көрсөткөн. Жардам негизинен авиациялык жана жана автомобиль техникасы, авиаотун, запастык бөлүктөр, тылдык жана буюмдук мүлк, байланыш каражаттары жана түнкү жарык берүүчү куралдар түрүндө келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG