Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Кытай Кыргызстанга 30 млн. юань грант бермей болду


Бул Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кытай Эл Республикасынын Коммерция министринин орун басары Гао Хучэн менен болгон жолугушуу учурунда макулдашылды. Каражат айыл-чарба жабдууларын сатып алууга жумшалмакчы. Министр Кытайга жасаган иш сапарынын алкагында “Датка-Кемин” электр өткөрүүчү линиясын куруу үчүн жеңилдетилген насыя бөлүү мүмкүнчүлүгүн да карап көрүүнү өтүндү. Эки тарап соода-экономикалык карым-катнашты бекемдөө, экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Руслан Казакбаев Кытайдын билим берүү министринин орун басары Чэнь Сяо менен жолугушуп, ошол өлкөдө билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин стипендиясын көтөрүп берүүсүн сурады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG