Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Баалардын көтөрүлүшү өкмөт көзөмөлүндө болот


Бул тууралуу өлкө башчысы Роза Отунбаева Чүй облусунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди. Ал өкмөт көмүр, май, ун менен азык-түлүктүн баасын көзөмөлдөп турарын жана 30-августтан тарта Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты ишке киришерин кабарлады. Азык-түлүк коопсуздугу маселесине токтолгон президент айым быйыл өкмөт дыйкандардан 150 миң тонна буудайды килограммын 10 сомдон сатып алып жатканын маалымдады. Роза Отунбаева мугалимдер менен дарыгерлердин маянасын көтөрүү - өкмөттүн башкы маселеси болуп жатканын да белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG