Кыргызстандык тогуз жаштагы Ариана Касымбекова Казакстанда өткөн балдар арасындагы сулуулук жана таланттар конкурсунда гран-при сыйлыгын жеңип, “Little Super Model” титулуна ээ болду. Бишкектеги “Дизайн Мода” моделдик агенттигинде тарбияланган Ариана мындан мурдараак “2010-жылдагы Кыргызстандын мини мисси” да болгон.
Казакстанда Арианага “Little Super Model” титулунан тышкары “Fashion House International” деген аталыштагы сертификат тапшырылды. Эми бул сертификаты менен кыргызстандык кичинекей сулуу Европа, АКШда өтчү эл аралык конкурстарга да катышууга мүмкүнчүлүк алмакчы. (IJz)