Бул тууралуу Кыргызстандагы медиа өкүлчүлүктүн жетекчиси Акмат Алагушев бүгүн маалымат жыйында белгиледи. Ал түштүктөгү жаңжалдан кийин ММКларда улутчулдук темасындагы макалалар жарыяланды деп эсептейт. Анын пикиринде, мындай көрүнүш Ош жана Жалал-Абаддагы жаңжал дээрлик басаңдап, маалымат толуп турган учурда болду. Анын айтымында, ошол убактарда айрым маалымат булактарында ар кандай, акылга сыйбаган пикирлер да жарыяланып кеткен. (КЕ)