Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:19

Донор уюмдарынын кийинки жыйыны парламенттик шайлоодон кийин болот


Бул тууралуу өлкө башчы Роза Отунбаева бүгүн Ишкерликти өнүктүрүү жана инвестициялык кеңештин биринчи жыйынында билдирди. Президент донор уюмдардын биринчи жыйынында Кыргызстан каражат эмес, убада гана алганын белгиледи. Роза Отунбаева Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин жеке демилгеси менен өткөрүлчү донор уюмдардын Кыргызстан экономикасына көмөк көрсөтүү боюнча экинчи жыйыны парламенттик шайлоодон кийин боло турганын айтты.

27-июлда Бишкекте өткөн Эл аралык донорлордун форумунда Кыргызстанга 1 млрд. 100 млн. долларлык каражат берүү чечимине келишкен. Донор уюмдарынын өкүлдөрү Кыргызстанга 600 миллион доллар каражатты ушул жылдын соңуна чейин, калганын 30 айдын ичинде которуу чечимин кабыл алышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG