Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Казакстанда катталуу мөөнөтүнүн ийкемдүү түрү каралышы ыктымал


Ушул аптанын башында Эмгек, жумуштуулук жана миграция министри Айгүл Рыскулова Астана шаарына иш сапары менен барып, Казакстандын эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри Гүлшара Абдыкалыкова менен ушул маселелердин тегерегинде сүйлөшүп кайтты. Аталган министрликтин басма сөз катчысы Кыялбек Токсонбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, жолугушуулар кеңеш берүү форматында өткөн жана азырынча так, даана жыйынтыктарды айтууга эрте.

Маалыматка ылайык, катталуу мөөнөтү үч ай болбосо да жарандардын ишмердүүлүгүнө жараша отуз, алтымыш жана токсон күн деп анын ийкемдүү түрү каралышы ыктымал. “Буга чейин бул мыйзам Казакстандын президентинин гана жарлыгы менен иштеп келген. Эми аны эки тараптуу келишимдин негизинде кабыл алуу маселеси көтөрүлдү”, - дейт К.Токсонбаев.

Кыргызстандык эмгек мигранттар Казакстанга барган учурда миграциялык картаны мурда үч айга алса, азыр бул мөөнөт беш күн болуп калганын, бул бир топ кыйынчылыкты жаратып жаткандыгын белгилешкен. Мурдарак алар ушул маселени чечип берүүсүн суранып Кыргызстандын Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигине кайрылышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG