Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Ош шаарында президенттин коомдук кабыл алуу бөлүмү ачылат


Кыргызстандын түштүгүндө коомчулуктун социалдык-экономикалык маселелерин чечүү жана жарандардын президент менен ылдам иштешүүсүн камсыз кылуу үчүн Ош шаарында коомдук кабыл алуу бөлүмүн ачуу тууралуу президент Роза Отунбаева буйрукка кол койду. Президенттин 26-августтагы буйругуна ылайык, коомдук кабыл алуу бөлүмү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тургундары менен иш алып барат.

Президенттин коомдук кабыл алуу бөлүмүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылуу иши Ош облустук мамлекеттик администрациясына жана Каржы министрлигине тапшырылды. Мындан сырткары Президенттик администрациясынын жетекчилигине 1-сентябрга чейин үч кишиден турган штат түзүү тапшырмасы берилди. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы билдирди. (KKs)

XS
SM
MD
LG