Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, июнь айында Ош жана Жалал-Абадда болуп өткөн окуяларды иликтөө боюнча жалпы жүз кишиден турган үч оперативдүү топ иштеп жатат. Натыйжада түштүктөгү тополоңго байланыштуу 3976 кылмыш иши козголгон. Бул кандуу окуяларда расмий эсеп менен 385 кишинин өлгөнү аныкталган. Бирок президент Роза Отунбаева түштүккө жасаган сапары маалында набыт болгондордун саны мындан бир канча эсеге көп болушу мүмкүн экенин айткан. Түштүктөгү окуяларга тиешеси бар деп 270 киши кармалып, учурда алардын ичинен 251 киши камакта. (KKs)