Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

“Камбар-Ата–2” ГЭСинин биринчи агрегаты ишке кирет


Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 30-августта “Камбар-Ата-2” ГЭСинин биринчи агрегаты ишке киришет. Аталган агрегаттын иштөөсү менен жыл сайын 500-700 млн. киловатт саатка жакын электр энергиясы иштелип чыгат. Ошондой эле жыл сайын 1,2 миллиард куб метр сууну үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул өз кезегинде Токтогул суу сактагычында суунун топтолушун шарттайт.

“Камбар-Ата-2” ГЭСинин курулушу Советтер Союзу убагында башталып, 1990-жылдары токтоп калган. Курулуш иши кайрадан 2007-жылы жанданган. (KKs)

XS
SM
MD
LG