Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04

Быйыл 100 миңден ашуун ооган мекенине кайтып келди

БУУнун качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын билдиришинче, алардын 95 миңи Пакистандан, калгандары Ирандан кайтып келишкен. Пакистандагы экономикалык каатчылык, Ооганстандын айрым бөлүктөрүндө коопсуздук абалынын жакшырышы - бозгундардын мекенине кайтуусунун негизги жүйөсү болгон. Маалыматка караганда, алардын үчтөн бири Ооганстандын чыгышына, калган үчтөн бири өлкө ортолугуна жана калгандары Түндүк Чыгыш аймактарга келип жайгашкан.
XS
SM
MD
LG