Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Пешавар шаарынын түрмөсүндөгү барымта кризиси бүттү


Пакистандын коопсуздук күчтөрү абакта отурган согушчандар ээлеп алган имаратка чабуул жасап, барымтадагы эки кароолду бошотту. Полициянын мартабалуу өкүлү Лякат Али Хандын билдиришинче, абакта отурган үч же төрт согушчан эки күзөтчүнү куралсыздандырып, барымтага алган жана качып кетүүгө аракет кылышкан. Качкын согушчандар кармалып, кайрадан абакка отургузулган.

Адегенде бир нече адаватчы Пешавардагы АКШ консулдугунун жакын жердеги бекем күзөтүлгөн жайдагы имаратка чабуул жасады деп маалымдалган. Бирок бул маалымат кийинчерээк туура эмес деп, калпка чыгарылды.

XS
SM
MD
LG