Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Кыргызстандын олимпиялык оюнчулары Сингапурдан кайтып келишти


Сингапурдагы Биринчи Жаштар олимпиадасына катышып келген кыргызстандык спортчулар бүгүн таң менен Бишкек келип түшүштү. Аларды Улуттук олимпиада комитетинин жетекчилиги, журналисттер тосуп алышты. Учурда Бишкекте олимпиадага катышып келген спортчуларга арналган унаа жүрүшү өткөрүлүп жатат. Бул туурасында Улуттук олимпида комитетинин басма сөз кызматты билдирди.

14-августтан 26-августка чейин созулган олимпиадада грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык Урмат Аматов алтын медаль, Шадыбек Сулайманов коло медаль, дзю-до боюнча Болот Токтогонов коло медалга ээ болгон. Кыргызстан 1 алтын, 2 коло медалдык көрсөткүч менен 204 өлкөнүн ичинен 45-орунду ээлеген. (KKs)

XS
SM
MD
LG