Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Нарын облусуна быйылкы окуу жылында 87 мугалим жетишпейт


Бул тууралуу маалыматты Нарын билим берүү округунун башчысы Касымбек Мамытов мугалимдердин август кеңешмесинде билдирди. Облустагы 138 мектеп окуу китеби менен 58 пайыз камсыз болсо, 36 мектеп бир да жолу капиталдык ремонттон өткөн эмес. Быйылкы кыш мезгилине мектептерге 10 миң 825 тонна көмүр керек болсо, учурда 493 тонна гана көмүр тартылган. 2009-2010 окуу жылдарында мектепке ырасмий маалымат боюнча тогуз бала тартылбай калса, иш жүзүндө андан көп болушу ыктымал. Ал эми тартип бузгандыгы үчүн милициянын көзөмөлүндө 243 окуучу турат. (JI)

XS
SM
MD
LG