НАТО жетекчилик кылган Коопсуздук көмөктөшүү күчтөрү эки аскер кол салууда, дагы бешөө өлкөнүн түштүгүндө көз жумганын маалымдады. Герат провинциясынын жергиликтүү мыйзам чыгаруу органына талапкер Абдул Манан ишембиде согушкерлер тарабынан атып өлтүрүлгөн. Полиция дагы бир аял талапкер Фаузуа Галанинин шайлоо кеңсесинин он күн мурда барымтага алынган он мүчөсүнүн бешөөнүн сөөгү табылганын билдирди.