Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:20

Швециялык «Орифлейм» фирмасы эл аралык чууга кабылууда


Швециянын өкмөтү «Орифлейм» косметикалык фирмасынын кызматкери алдамчылык менен акча табуунун «пирамида схемасын» иштеткендиги үчүн мыйзамга тартылып жаткандыгын билдирди. Кылмышка шектелген адам отуз жаштардагы эркек жана эки улуттун тең өкүлү болуп саналат. Тегерандагы «Орифлейм» фирмасынын кеңсеси 22-августта иран бийлиги тарабынан жабылып, беш кызматкери «пирамида схемасын иштеткен жана балким чет өлкөгө тыңчылык кылган» деген кине менен камакка алынган. Ишембиде Ирандын атайын кызмат министри Гейдар Мослехи бул фирманы Ирандын коопсуздугуна шек келтиргендиги үчүн айыптады.

XS
SM
MD
LG