Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Орусияда рок концертке келгендерге такыр баштар кол салды


Жекшембиде Челябинск областынын Миассе шаарында «Торнадо» рок-фестивалы өтүп жаткан маалда концертке келген 3 миңдей адамга 100гө чукул жаалданган темир, жыгач, резина таяктар менен куралданган такыр баштар кол салып, көрүүчүлөрдү сабай баштаган. Айрымдар ок атуучу куралдын үнү угулганын, тактала элек маалыматта ондон ашуун киши жарадар болгону жана 14 жашар кыз бычактан кайтыш болгону айтылууда.

Милиция алардын 15ке чукулун кармаганын орусиялык жергиликтүү маалымат каржаттары билдирүүдө. Көрүүчүлөрдүн айтымында, кол салуу күтүлбөгөн жерден болгондуктан карап турган милиция дароо аракеттене албай калган. Расмий тараптар азырынча окуя боюнча эч нерсе айта элек.

XS
SM
MD
LG