Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:17

Орусияда карылар үйүндө кеминде 9 киши иске ууланып көз жумду

Твер шаарына жакын жердеги карылар үйүндө чыккан өрттөн бери дегенде 9 киши көз жуумп, бирөө өтө катуу абалда ооруканага жаткырылганы кабарланууда. Чукул кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмү Вышний Волочек шаарында чыккан өрт тууралуу кабар жеткенден 3 мүнөттөн кийин өрт өчүрүүчүлөр карылар үйүнө келгенин билдирди. Көз жумгандар ис менен ууланганы айтылууда, кырсыктын себеби азырынча аныктала элек.
XS
SM
MD
LG