Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Эгемендик күнүнө карата куттуктоолор келе баштады


Кыргызстандын эртеңки эгемендик күнүнө байланыштуу президент Роза Отунбаеванын дарегине жолдонгон куттуктоолор келе баштады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Мындай куттуктоолорду ушул сааттарга карата Шри-Ланканын президенти Махинда Раджапакса, Тунистин премьер-министри Мухаммед Ганнуши, Австралиянын генерал-губернатору Квэнтин Брайс жөнөтүштү.

Эгемендик күнүнө байланыштуу эртең Бишкекте ырасмий иш-чара уюштурулуп, ага президент Роза Отунбаева баштаган бийлик өкүлдөрү катышышмакчы. Иш-чара майрамдык концерт, оюн-зооктор, спорттук мелдештер менен коштолот. Ички иштер министрлиги билдиргендей, эгемендик күнү милиция күчөтүлгөн тартипте иштемекчи. Маселен, 31-августта Ош шаарын 500 милиция кайтарууга алмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG