Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:20

Президент Камбар-Ата 2 ГЭСине келди


“Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, ушул тапта президент Роза Отунбаева түшкөн тик учак Камбар-Ата 2 ГЭСинин биринчи агрегатын ишке киргизүү аземи өтө турчу жерге конду. Президенттен тышкары ал жерде бир катар өкмөт мүчөлөрү, белгилүү саясий жана коомдук ишмерлер да бар. Бир аз соң президенттин катышуусу менен ГЭСтин биринчи агрегатын ишке киргизилмекчи.

Эскерте кетсек, былтыр декабрь айында Камбар-Ата 2 ГЭСи курулуучу жерде ири жардыруу иши жүргүзүлүп, Нарын дарыясы бөгөлгөн болчу. Дамба бийиктиги 60 метрди түздү, ал эми пайда болгон суу сактагычтын өлчөмү 70 миллион куб метрди түзөт. 2007-2010-жылдар арасында Камбар-Ата 2 ГЭСин курууга 9,5 миллиард сом бөлүнгөн болчу. Аталган ГЭСтин биринчи агрегаты ишке кирген чакта өлкө кошумча 500 млн. кВт/саат электр энергиясына ээ болмокчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG