Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Бүгүн белгисиз жоголгондордун эл аралык күнү


Бүгүн Эл аралык белгисиз жоголгондордун күнү. Бул күн Эл аралык Кызыл чырым комитетинин колдоосу менен белгиленип келет.

Кызыл чырым эл аралык уюму билдиргендей, дүйнө жүзүндө белгисиз жоголгондордун так саны жок. 90-жылдардан бери карай эле мурдагы Югославиянын аймагында 17 миңдей адам белгисиз жоголгон. 1980-жылдан бери Иракта ар кандай кагылыштардын айынан 275 миңден, бир миллионго чейин адамдын дайыны чыкпай калган. Африкада белгисиз жоголгондордун саны 10 миңдеп саналат.

Кыргызстанда да ушул жылы июндагы коогалаңдан кийин ондогон адамдар белгисиз жоголгон. “Ош шейиттери” коомдук бирикмесинин маалыматы боюнча, Ош облусу жана шаарында дайынсыз жоголгондордун саны жетимиштен ашты. Бирок болжолдоолорго караганда алардын саны андан да көп болушу ыктымал. Ошондой эле Жалал-Абад облусунда да белгисиз жоголгондор бар. Саламаттыкты сактоо министрлиги “Азаттыкка” билдиргендей, азырынча белгисиз жоголгондордун так саны аныктала электигинен улам бул боюнча болжолдуу санды айтыш кыйын болуп турат. (IJz)

XS
SM
MD
LG