Буга байланыштуу расмий иш-чара Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтүп, ага президент Роза Отунбаева баш болгон расмий адамдар катышат. Майрамдык салтанаттан кийин Роза Отунбаева Кара-Жыгач жаңы конушундагы орто мектептин ачылыш аземинде болот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Фарид Ниязов билдирди. Расмий иш-чаралардан сырткары бул күнү борбордогу аянттарда майрамдык концерт, оюн-зооктор, спорттук мелдештер да уюштурулат. Эгемендүүлүк күндөрү милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.(AiT)