Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Украинда жоголгон журналисттин кесиптеши милицияны күнөөлөйт


11-августтан бери табылбай жаткан 66-жаштагы журналист Васил Климентевдин кесиптеши Петро Матвиенко милиция Климентевди табууга кызыкдар эместигин «Азаттыктын» украин кызматына айтты. Украинанын ички иштер министри Анатолий Мохылов өткөн жумада Климентев тирүү эмес жана журналисттин жоголушуна коопсуздук кызматынын тиешеси бар деген шектенүү бардыгын айткан. Ал эми «Новый стил» жумалыгынын баш редактору Матвиенко жоголгон кесиптеши экөө Харков облусунун прокурорунун орун басары Сергей Хачатаряндын мыйзамсыз иштери тууралуу макала даярдап жатышкандыгын, ошондуктан Климентевди издөөгө күч органдары кызыкдар эместигин айтууда.

XS
SM
MD
LG