Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:09

Жалал-Абадда эгемендик майрамы тынч өтүүдө


Июнь айында коогалаң болгон Жалал-Абад облусунда жергиликтүүлөр эгемендик күнүн майрамдашууда. Майрам тынч маанайда өтүүдө.

Бүгүн эртең менен Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында эгемендик күнүнө карата иш-чаралар уюштурулуп, ага облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов баштаган жергиликтүү жетекчилер катышты. Өз сөзүндө Б.Асанов кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктап, бардык жарандарды ынтымактуулукка, биримдикке, достукка чакырды. Майрамдык иш-чара ар кыл диаспоралардын өкүлдөрү катышкан концерт менен коштолду.

Ушундай эле иш-чаралар Сузак, Базар-Коргон, Ноокен ж.б. райондордо өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. (IJz)

 

XS
SM
MD
LG