Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:34

Ирак көз карандысыздыкка ээ болду


Ирактын өкмөт башчысы Нури ал-Малики америкалык согуштук аскерлердин чыгарылышы менен өлкө өз алдынча мамлекет болду деп айтты. Бүгүн сыналгыдан сүйлөгөн сөзүндө Малики коопсуздук күчтөрү өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоого Ирактын даремети толук жетет деди. АКШнын президенти Барак Обама бүгүн Вашингтондо Ирактагы согуш аракеттеринин расмий бүтүшү тууралуу теледен сөз сүйлөшү күтүлүүдө. Согушка катышкан күчтөр чыгарылганы менен, Иракта АКШнын дагы 50 миңге чукул катуу куралданган аскерлери кала бермекчи. Алар Ирак аскерлерин машыктырып, кайра куруу жана коопсуздук иштерине жардам беришет. Америкалык аскерлер Ирактан келерки жылдын этегинде биротоло чыгарылышы керек.

XS
SM
MD
LG