Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Тажик бийлиги абактан качкандар боюнча териштирүү жүргүзүүдө


Тажикстандын Адилет министрлиги өткөн жумада Дүйшөмбүдө коопсуздук комитетининин абагынан 25 кылмышкердин качып кетишине Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тиешеси бар же жоктугун аныктап жаткандыгын билдирди. Министрликтин жаза өтөө башкармалыгынын маалымат катчысы Парвина Ализода кантип кылмышкерлердин тобу төрт сакчыны өлтүрүп, 3 саат бою түрмөнүн ичинде ээн басып жүрүп, анан эркиндикке чыгып, из жашырып кеткени өтө көп суроолорду туудурганын айтты. Ошондой эле абакта кармалган 90 кишини ошол күнү эмне үчүн 3 гана сакчы караганы, эмнеге аларга чогуу ифтар берилгени да табышмак экендигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG