Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Б.Обама Иракта аскердик аракеттер токтогондугун жарыялады


Президент Барак Обама америкалык аскерлердин Ирактагы жети жарым жылдык согуш аракеттери токтотулгандыгын кечээ кечинде (Бишкек убактысында таңкы алтыда) Ак үйдө жарыя кылды “... америкалык күчтөр Иракта өз аракеттерин токтоткондугун жарыялайм. Иракты эркиндикке чыгаруу операциясы аяктады. Эми ирактыктар өз өлкөсүнүн коопсуздук жоопкерчилигин өздөрү алат”.

Ага чейин расмий Вашингтон ирактыктарды улуттук өкмөтү түзүүнү тездетүүгө чакырды. Багдадда коалициялык өкмөт марттагы шайлоодон бери түзүлбөй премьер-министр Нури ал-Малики менен мурдагы өкмөт башчы Лияд Аллавинин ортосунда сүйлөшүүлөр үзүл-кезил уланып келүүдө. Ал эми премьер-министр Нури ал-Малики Ирактын коопсуздук күчтөрү өлкөнүн жалпы коопсуздугун камсыз кылууга алы жетерин, америкалык аскерлердин чыгарылышы менен Ирак көз карансыздыкка ээ болгондугун айтты.

XS
SM
MD
LG