Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:21

ЕККУ Коомдук теленин байкоочу кенеши түзүлгөнүн колдоду


Европа коопсуздук жана кызматташтык кеңешинин маалымат каражаттары жана сөз эркиндиги боюнча атайын өкүлү Дунья Миятович Коомдук телерадиокорпорациясынын байкоочу кеңеши түзүлгөнүн жана бул жаатагы иште жылыш болгонун колдоорун билдирди. Бул тууралуу “Азаттыкка” ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинен кабарлашты.

Анын айтымында, парламенттик шайлоонун алдында мыкты сапаттагы, бейтарап маалыматтардын болушу абдан маанилүү жана бул жерде Коомдук теленин орду өтө чоң.

ЕККУ буга чейин да Кыргызстандын мамлекеттик телерадиокорпорациясын реформалоо, аны коомдукка айлантуу жаатында кеңешчилик жана экономикалык анализ жаатында көмөк кылып келген. Эми жакын арада Борбор Азиядагы эң алгачкы көзкарандысыз коомдук телени бекемдөө боюнча окууларды уюштурмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG