Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:40

Вашингтондо Жакынкы Чыгыш боюнча сүйлөшүүлөр башталууда


Үч күнкү сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн АКШ башкалаасына Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен палестин лидери Махмуд Аббас барды. Алар бүгүн АКШ президенти Барак Обама менен жолукканы жатат. Андан соң эртең Вашингтондо Израиль жана Палестина лидерлеринин тикелей сүйлөшүүлөрү өтүүсү керек. Мунун алдында кечээ Израилдин Хеврон шаарына жакын жайгашкан конушуна жасалган кол салуудан төрт адам каза тапты. Кол салуу үчүн палестиндердин Хамас исламчыл тобу жоопкер болду. Израилдин премьер-министри бул кол салуу өлкө Палестина менен сүйлөшүүлөрдө коопсуздук маселеси боюнча катаал турумду кармануусунун зарылдыгын көргөзгөнүн белгилесе, АКШ “сүйлөшүү жараяндын душмандарынын” ага тоскоолдук жасоо аракети катары баалады. Кол салууну Палестинанын президенти Махмуд Аббас да айыптады.

XS
SM
MD
LG