Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:54

АКШ Иракта жаңы миссиясын баштады


“Жаңы таң” деген операциянын башталышына байланыштуу бүгүн Багдадда өткөн салтанатка АКШдан вице –президент Жо Байден, коргоо министри Робер Гейтс баштаган расмий өкүлдөр катышты. Вице- президент Жо Байден салтанатта сүйлөгөн сөзүндө буларды белгиледи:

-"Иракка эркиндик" операциясы аяктады, бирок АКШнын Ирак менен карым-катнашы бүгүн башталып жаткан жаңы миссия – "Жаңы таң" операциясы менен улана берет. Бүгүнкү салтанат командачылык алмашканынын эле эмес, АКШ менен Ирактын алакасында бөлөк бап башталганынын да белгиси.

Багдаддагы бүгүнкү салтанат алдында президент Барак Обама кечээ АКШ Ирактагы аскерий операцияларын аяктаганын расмий жарыялаган эле. АКШнын Ирактагы жаңы миссиясы жергиликтүү күчтөргө кеңеш жана жардам берүү багытында. Бул максатта Иракта АКШнын 50 миңдей жоокери калды.

XS
SM
MD
LG