Канат Садыков бүгүн “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде айрым талдоочулардын Кыргызстанда жаңы окуу жылында мектепке келбеген балдардын саны 100 миңге жетүүсү мүмкүн деген маалыматтарын четке какты:
-Кээ бир үй-бүлөлөрдүн экономикалык шарт- жагдайы начар болгондуктан кароосуз калган балдар маселеси бар. Бирок алар 100 миң бала болот дегендик, менимче, туура эмес. Мурдагы маалыматтарда биринчиден он биринчи класска чейин мектепке келбеген балдардын саны жети миңден ашуун деп айтылып жүргөн.
Канат Садыков кошумчалагандай, быйыл мектепке келбегендердин саны алдыдагы айларда такталат. Бирок, аталган көрсөткүч буга чейин 10 миңден ашкан эмес. Өлкөдөгү 2191 мектепте быйыл 1 миллион 37 миң бала билим алат деп эсептелинүүдө. Алардын 90 миңи мектепке жаңы баргандар. Расмий маалымат боюнча ушу тапта орто мектептерге 3333 мугалим жетишпейт. (UE, IJZ)