Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ЕККУнун кеңеш берүүчү күчтөрүн киргизүү боюнча меморандумдун жаңы долбоорун даярдап, аны жакынкы күндөрү президенттин кароосуна жиберет. Мына ошондон кийин ЕЕКУ менен жаңы сүйлөшүүлөр болот, деп билдирди өкмөттүн маалыматтык-координациялык кызматынын жетекчиси Фарид Ниязов 1-сентябрда “Азаттыкка”. Анын айтымында, меморандумда Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы максималдуу түрдө сакталууга тийиш. ЕККУ жаңжал чыккан түштүк регионго уюмдун полиция күчтөрүн киргизүүнү сунуштаган. Бирок ал кыргыз коомчулугу тарабынан бир жактуу кабыл алынган эмес. (AiT)