“Ата Мекен” жана “Ата Журт” партияларынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесин каттоо үчүн БШКнын атайын жыйыны болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов “Азаттыкка” 1-сентябрда билдирди. Бул эки партия биринчилерден болуп өздөрүнүн тизмелерин тапшырган. Алардан кийин 27 партия талапкерлеринин тизмесин берген болчу. Шайлоо комиссиясы аларды 10-сентябрга чейин текшерип, баары мыйзам чегинде болсо үгүт өнөктүгүн баштоого уруксат берет. (AiT)