Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

ЕККУнун өкүлү Херберт Зальбер Кыргызстанга келет


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун чыр-чатактарды чечүү боюнча борборунун жетекчиси Херберт Зальбердин кийинки аптада Кыргызстанга келери күтүлүүдө. Бул тууралуу аталган уюмдун Бишкектеги кеңсесиинн өкүлү Бурул Усманалиева кабарлады. Маалыматка ылайык, Херберт Зальбер ЕККУнун кеңеш берчү полиция тобунун Кыргызстанга киргизилиши тууралуу өлкө жетекчилери менен сүйлөшөт. “Биз кыргыз бийлигинин ушул маселе боюнча кол коюлчу меморандумду кайра талкуулаганга кызыкдар экенин эсибизге алдык. Биз Кыргызстан тараптан бул багытта сунуштарды күтөбүз жана сүйлөшүүлөрдү улантабыз”, - деген Х.Зальбер. Ушул тапта полиция кеңешме тобунун жетекчиси Маркус Мюллер Бишкекке сүйлөшүүлөр үчүн келди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG