Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:50

АКШ вице президенти Ирак улуттук өкмөт түзүүгө чукул деди


Бул күндөрү Иракта жүргөн Жое Байден март айындагы шайлоодон кийин талашка айланган өкмөттү куруу бир жаңсыл болооруна ишенип тургандыгын айтты. АКШ вице президенти менен коргоо министри Р.Гейтс Иракта согуштук аракеттерди расмий аяктап, ирактык коопсуздук күчтөрүнө кеңеш-көмөк берген «Жаңы таң» миссиясын баштоого келген. Вашингтондук жогорку даражалуу аткаминерлердин иш сапары бул ирээт саясий талашка кептелген ирактык саясатчыларды жаңы өкмөт курууга басым жасоого келген сыяктуу көрүнөт.

31-августта президент Обама АКШ Иракта согуш аракеттерин расмий токтоткондугун жарыя кылган.

XS
SM
MD
LG