Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:48

Ун чыгаруучу жети ишканага эскертүү берилди


Бул туурасында Антимонополиялык жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Бабырбек Жээнбековдун өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкөдө кээ бир ун чыгаруучу ишканалар тарабынан ун, дан, нан азыктарына бааны жасалма көтөрүү аракети байкалып жатат. Атайын жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында 7 ун чыгаруучу ишканага эскертүү берилди. Анын негизинде калган башка ишканалар бааны төмөндөтө башташкан. “Яшар” фирмасы ундун баасын 2 сомго, “Акун” ишканасы 60 тыйындан 1,5 сомго чейин арзандаткан. (AzK)

XS
SM
MD
LG