2-cентябрда Орусиянын президенти Азербайжанга ырасмий сапарга келет. Дмитрий Медведевдин визити Азербайжан-Армения ортосунда Тоолуу Карабак боюнча чатак ырбап турган кезге туш келди. Шаршемби күнү Тоолуу Карабактык армяндардын аскерлери менен Азери күчтөрү атышкан. Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдиришинче, кагылышта үч армян жана эки азери жоокер окко учкан. Каршы тарап урушта төрт азери жоокери катардан чыгып, бир армян аскери жарадар болгонун маалымдады. Кремлдин кабарлашынча, Медведев Бакыда президент Илхам Алиев менен Карабак чатагын жөндөө жана Каспий деңизин өздөштүрүүдө өз ара кызматташуу маселесин талкуулайт.
Президент Алиев 1-сентябрда Улуттук туунун аянтынын ачылыш салтанатында сүйлөп: " Биздин туубуз биздин сыймыгыбыз жана жаныбыз. Бул туу Карабахта, Канкендиде жана Шушада желбирйт. Бул бүндү жакындатуу үчүн баарыбыз шымалана иштебүүз керек. Биз ал үчүн иштеп жатабыз. Жашасын Азербайжан!" деди.
Алиев айткан бул жерлер өзүн Бакыдан күнкорсуз жарыялаган Тоолуу Карабах үчүн Армения менен болгон алты жылдык согушта армяндар тарапта калган. Уруш 1994-жылы токтогон. Бирок, алиге эки өлкө тынчтык келишимиге кол коюла элек.