Облустук билим берүү боюнча методикалык борборунун жетекчиси Акылбек Токтосуновдун билдиришинче, жаңы окуу жылынын башталышы менен облуста 469 мектеп 215 миң окуучуну, анын ичинде 18 миңден ашык баланы биринчи класска кабыл алды. Мектептердеги мугалимдер жетишсиздигин жоюу үчүн Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Ташманбет Кененсарив акыркы курстардагы педагогикалык факультеттердин студенттерин мектепке тартуу сунушун билдирди.
Ушул тапта окуучулардын коопсуздугун сактоо максатында Сузак айылында төрт, Базар-Коргон айылында балдарды ташый турган автобус маршруттары ачылды. Балдардын жол чыгымдары ЮСАИД бөлгөн каражаттын эсебинен төлөнөт.
Облуста июнь окуялары учурунда 30 мугалим жабыркаган. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады. (AzK)