Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Орус президенти Бакыда иш сапарда


Орусиянын президенти Д.Медведев 2-сентябрда Азербайжанга эки күндүк расмий сапар менен барды. Анын алкагында эки өлкөнүн чек арасын аныктаган келишимге жана Самур дарыясындагы сууну бирге пайдалануу боюнча макулдашууларга кол коюлат деп күтүлүүдө. Кремлдин кабарлашынча, Медведев Бакыда президент Илхам Алиев менен Карабак чатагын жөндөө жана Каспий деңизин өздөштүрүүдө өз ара кызматташуу маселесин талкуулайт. Байкоочулар муну расмий Москванын Түштүк Кавказдагы таасиринин артышы жана Кремлдин узак мөөнөттүү максаттары менен байланыштырууда.

XS
SM
MD
LG