Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:08

Тажикстанда абактан качкандардын башчысы кармалды


Жергиликтүү тажик маалымат каражаттары 23-августтун түнүндө Мамлекеттик коопсуздук комитетинин абагынан качкан 25 кишинин бири Иброхим Насриддинов Дүйшөмбүдөн алыс эмес Вахдат районунда 2-сентябрда кармалганын кабарлады. Иброхим Насреддинов абактан качууну уюштургандардын башчысы экени расмий маалымдалган. Ал буга чейин «ал-Каида» жана талиптер менен байланышы бар деп америкалыктардын Гуантанамо абагында бир нече жыл кармалган.

2007-жылы Тажикстанга берилгенден кийин өлкөнүн Жогорку Соту аны 22 жылга эркинен ажыраткан. И.Насреддинов абакта өзгөчө «макамга» ээ болуп, түрмөнүн ичинде эркин басып жүрө алган.

Кечээ Тажикстандын мамлекеттик коопсуздук комитетинин жетекчилиги толугу менен иштен четтетилгени кабарланган.

XS
SM
MD
LG