Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Кара-Сууда 19 үйдүн курулушу башталат


Бул туурасында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын аппарат жетекчиси Турат Исмаилов билдирди. Анын айтымында, Кара-Сууда 19 үй-бүлөгө 50 миң сомдон ссудалар берилди. Июнь айындагы коогалаң учурунда райондо 717 үй өрттөнүп кеткен.

Түштүктөгү окуялардан жабыркагандарга жардам карыз акча берүү үчүн 100 миллион сомго чукул каражат которулган. Бул пайызсыз каражаттар ар бир кожолуктарга 200 миң сомдон берилет. Карыз акча алгандар аны 20 жыл ичинде кайтарып бере алышат. Ссуда алууну каалабаган тургундарга 50 миң сомдон бир жолку кайтарымсыз жардам көрсөтүлөт. (AzK)

XS
SM
MD
LG