Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Ошто насыя алуудан баш тарткандар чыгууда


“Азаттыктын” аймактык кабарчысынын билдиришинче, Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылынын 150дөн ашык тургуну мамлекеттик насыя (ссуда) алуудан баш тартып жатышат. Муну алар 20 жылда кайтаруу шарты менен бериле турган 200 миң сом насыя жана кайтарымсыз 50 миң сом көмөкпул үй тургузууга жетпей тургандыгы менен түшүндүрүшкөн.

Буга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев айрым тургундардын мындай аракетине өлкөдөгү үчүнчү күчтөрдүн таасири себеп болуп жатканын билдирген эле. Түштүктөгү окуялардан жабыркагандарга жардам берүү үчүн мамлекеттен 100 млн. сомго чукул каражат бөлүнгөн. Мамлкеттик насыяны ушул тапта Жалал-Абаддан 30, Оштон 19 киши алды. (AzK)

XS
SM
MD
LG