Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:02

Палестин жана Израил лидерлери тынчтык сүйлөшүүсүн улантат


Израил жана Палестина лидерлери өз ара тынчтыкка жетишүү боюнча удаа-удаа сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. Премьер-министр Бенямин Нетаняху жана төрага Махмуд Аббас 2-сентябрда Вашингтондо өткөн кездешүүдө 14-15-сентябрда кайра жолугалы деп макулдашты. АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон эки лидерге кайрылып, аларда Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуусуна ыңгай келип турганын айтты:

- Премьер-министр мырза, төрага мырза. Сиздерде бул чатакты жана ондогон жылдардан бери эки эл арасындагы жоолошууну биротоло токтотууга мүмкүнчүлүгүңөр бар.

Нетаняху менен Аббастын акыркы эки жылдагы биринчи кездешүүсү АКШ президентинин демилгеси менен өттү жана Барак Обама аларга мунасага жетишүүгө бир жыл мөөнөт берди. Газа секторун бийлеген ХАМАС кыймылы тынчтык сүйлөшүүсүнө катышуудан баш тартып, Израилге кол салуусун токтотпосун билдирген.

XS
SM
MD
LG