Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Т. Исмаилов: кызылкыштактыктар насыя алмай болушту


Ош жана Жалал Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын аппарат жетекчиси Туратбек Исмаиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, башында насыяны кайра кайтарып берүү шартын жакшы түшүнбөй чочулагандар андан баш тартышкан. Бирок түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгында маселе чечилди. Эртең Кара-Суу районун Кызыл-Кыштак айыл тургундарына документтерин даярдоо үчүн нотариустар жиберилет.

Түштүктөгү окуядан жабыркагандарга мамлекет 100 миллион сом насыя которгон. Бул пайызсыз каражаттар ар бир кожолуктарга 200 миң сомдон берилет. Карыз акча алгандар аны 20 жыл ичинде кайтарып бере алышат. Төлөө убактысы үч жылдан кийин башталат. Аны алууну каалабаган тургундарга 50 миң сомдон бир жолку кайтарымсыз жардам көрсөтүлөт. Ушул тапта 49 киши карыз акча алды.(AzK)

XS
SM
MD
LG