Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:44

Нарында Торугарт бекетин ичкери жылдырууга каршы кыймыл түзүлдү


Бүгүн «Naryn.kg» медиа борборунда Торугарт көзөмөл бекетин ичкери 60 чакырымга чукул жылдырууга каршы талкуу өттү. Анда мекемелер аралык түзүлгөн комиссиянын мурдакы мүчөсү Эрлан Сапарбаев маалымат берди. Чогулгандар туура маалымат бербегени үчүн бул комиссиянын төрагасы жол, траспорт жана коммуникация министри Э. Исаковго нааразы болушту. Анткени ал 17 августа «24.kg» сайтына берген маалыматында Торугарт көзөмөл бекети жөнүндө сөз болбогондугун билдирген. Бирок президент Роза Отунбаева 1-сентябрда Нарынга келген учурда Торугарт көзөмөл бекетин ичкери жылдыруу маселесин жаңы келген парламент жана жаңы өкмөт элдин пикирин эске алып чече тургандыгын айткан. Талкууга катышкан облустук администрациянын өкүлү Рысбек Шалтаевдин айтымында, жергиликтүү бийлик каршы экендигин билдирип 13-августта кат жөнөткөн.

Жыйынтыгында келерки жумада алгач аталган маселе боюнча Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүү болжолдонулду. (JI)

XS
SM
MD
LG