Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:49

Медведев убада берди, Азербайжан газ берди


Азербайжан газды Россияга мурдакыдан эки эсе көп сата баштайт. Медведевдин Бакудагы визити учурунда Азербайжан өкмөттүк СОКАР компаниясы менен Россиянын "Газпрому" ортосунда жума күнү кол коюлган келишимге жараша келерки жылы Азербайжан Россияга 2 миллиард куб метр газ сатат. 2012-жылы газ экспорту дагы көбөйтүлөт. Ошондой эле Азербайжан президенти Илхам Алиев менен Россия президенти Дмитрий Медведев соода маселесин талкуулап, эки өлкө арасындагы чек араны тактоо боюнча келишимге кол коюшту. Медведевдин сөзүнчө, Бакудагы кездешүүдө Армениядагы Россиялык аскерий базаны дагы чейрек кылымга калтыруу жөнүндөгү келишим да каралды. Бул келишим, Медведевдин айтымында, региондогу стабилдүүлүктү бекемдөөгө гана багытталып, эч кимге каршы пайдаланылбайт.

XS
SM
MD
LG