Борбордук шайлоо комиссиясы кезектеги жыйынында “Республика” жана “СССР” партияларынын талапкерлерин каттады. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын мүчөсү Абдымомун Мамараимов кабарлады. Буга дейре БШК “Ата Мекен” жана “Ата Журт” партияларынын талапкерлерин каттаган эле. БШК шайлоону чагылдыруу үчүн 183 массалык маалымат каражатын каттады. (ES)