Тасманын режиссеру Актан Арым-Кубаттын «Азаттыкка» билдиришинче «Свет Аке» Канададагы 35-Торонто эл аралык фильм фестивалына катышат. Бул фестиваль 9-сентябрдан 19-сентябрга чейин созулуп, кыргыз режиссерунун тасмасы 10-сентябрда кино сынчыларынын назарына сунулат.
Элеттеги электрчинин турмушун сүрөттөгөн бул тасма буга чейин Канн, Локарно фестивалдарына катышып келген. «Фестивалдардын фестивалы» деген атка конгон Торонто фильм фестивалында дүйнөнүн кеминде 60 өлкөсүнөн келген 300гө жакын тасма көрсөтүлмөкчү. (KKs)