Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

Ооганстанда уурдалган жапон журналисти бошотулду


Жапон маалымат каражаттарынын дипломаттарга шилтеме жасап билдиргенине караганда, Ооганстанда Талибан тарабынан уурдалып кеткен журналист беш айдан соң бошотулду. Кырк жаштагы Косуке Тсунеока азыр Жапониянын Кабулдагы элчилигинде. Ал Ооганстандын түндүгүнөн апрель айында жоголуп кеткен болчу. Жапониянын тышкы иштер министрлиги бул маалыматты комментарийлөөдөн азырынча баш тартты. 2001-жылы бийликтен кулатылгандан бери Талибандын согушкерлери жана башка криминалдык топтор Ооганстанда ондогон чет элдиктерди уурдап кетишкен. Алардын көпчүлүгү журналисттер.

XS
SM
MD
LG