Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Германияда исламчылардын коркунучу өсүүдө


Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча федералдык кызматтын башчысы Йорг Зурктун “Tagelspiegel“ гезитине айтышынча, ушу тапта Германияда 400дөн ашуун исламчылар жашайт. “Алардын жетимиши террорчулардын базасында аскерий даярдыктан өткөнүн ырастаган далилдер бар. 50 адам Ооганстандагы согушка катышкан. Зурктун сөзүнчө, март айында Германиянын Конституциялык Сотунун телефондорду тыңшап, интернетти текшерүүнү чектөөсү исламчыларды тергөөнү кыйындатып койгон. 4-сентябрда “Der Spiegel“ журналы быйыл июлда АКШлык аскерлер Ооганстанда колго түшүргөн германиялык исламчы Германияда жана Европада пландалып жаткан террордук чабуулдар тууралуу кенен маалымат бергенин кабарлады.

XS
SM
MD
LG